Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 30-июнундагы № 66 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысын 2015-жылдын 17-июлунда өткөрүлгөн шайлоо боюнча Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2015-жылдын 17-июлунда болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын Тамга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Койчуманов Кычан Тюлемышевич табылсын.
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
- Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 18-сентябры
№ 142
2015-жылдын 18-сентябрында жарыяланды