14.09.2020 ж.№ 216 Жайыл жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жайыл жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жайыл, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: Т.К. Абдылдаевдин, Б.Ж. Айдарканованын, Н.Д. Джумадилдееванын, М.К. Дуйшенбаевдин, Е.П. Фасттын, Джаныш к. Н., Э.К. Омуралиевдин, Н.У. Джыргалбаевдин, А.К. Айдралиеванын жана Н.Б. Ногоевдун комиссиялардын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдылдаев Талгат Кылычбекович, «НУР» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Дуйшенбаев Мурашынбек Курманкулович, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Айдарканов Багдад Жумшатбекович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Джумадилдеева Назгуль Джумадилдеевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сатаев Нуридин Асанбекович, Токсобаева Зульфия Чолпонкуловна, Кененсариева Гульназ Бекболотовна, Урмолдоева Гульнара Барыктабасовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Фаст Екатерина Петровна, Джаныш кызы Назира, Омуралиев Эрлан Картанбекович, Джыргалбаев Нурбек Усенкулович, «Калыс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Айдралиева Айжан Камчыбековна, «Биримдик» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ногоев Нурмат Болотханович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Аблаев Бектен Турсуналиевич, Касымалиев Ыса Мырзабекович, Джумагулова Светлана Оскуловна, Ранат уулу Мирбек, «Народная» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Адылов Самат Муратович, «Ак-Шумкар» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Камбарова Динара Мурадовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 14- сентябры
№ 216