10.10.2019 №145 2019-жылы 1-октябрда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2019-жылы 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 13-сентябрындагы133 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 1 талапкер – Дубанаев Алмазбек Жылкыбаевич  катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылы 1-октябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколу менен Беш-Терек айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 10 депутаты катышып, А.Ж. Дубанаевге – 10 добуш, “бардык талапкерлерге каршы” позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.  

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылы 1-октябрдагы шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколу менен А.Ж.Дубанаев Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.  

Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылы 1-октябрда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Дубанаев Алмазбек Жылкыбаевич Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Москва аймактык шайлоо комиссиясы Беш-Терек айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2019-жылдын 10-октябры

№145