31.12.2020 №530 КР башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 1парламенттик республикасы үчүн «каршы», жетекчиси – Э.Ы.Барсанаев)

2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 1парламенттик республикасы үчүн «каршы», жетекчиси – Э.Ы.Барсанаев)

2020-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясына курамы 11 адам, жетекчиси Э.Ы.Барсанаев башында турган парламенттик республикасы үчүн «каршы» тобунан каттоо үчүн сунуштама (кириш № 01-12/4081) келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнчареферендумда (бүткүл элдик добуш берүүгө)1 - катар номери менен курамы 11 адамдан, жетекчиси Барсанаев Эралы Ырысалыевич башында турган парламенттик республикасы үчүн «каршы» тобу катталсын. Топтун мүчөлөрүнүн тизмеси тиркелет.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетечиси А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 31-декабры

№ 530 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Особое мнение члена ЦИК КР  Сариева А.