03.12.2020 №386 2020-жылы 25-ноябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2020-жылы 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 297 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң  районунун Күн-Чыгыш  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер –  Закиров Айбек Сүйүнбекович райондук мамлекетттик администрациясынан жана Монолдоров Саматбек Шаршенбекович жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталышып катталышкан. 

Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 25-ноябрындагы протоколу менен Күн-Чыгыш айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутаты катышып, А.С. Закиров - 5 добуш, С. Ш. Монолдоров – 13 добуш алгандыгы белгиленген, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш.

Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 25-ноябрындагы протоколу менен Монолдоров Саматбек Шаршенбекович Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2020-жылдын 25-ноябрындагы Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылы 25-ноябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 25-ноябрындагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Монолдоров Саматбек Шаршенбекович Ысык-Көл облусунун Тоң  районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.  

2. Тоң аймактык шайлоо комиссиясы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                      А. БЕКМАТОВ

Бишкек ш., 2020-жылдын 3-декабры

386