№36 2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы
2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 4-апрелиндегы ПЖ №44 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 5-апрели
№36