07.12.2020№ 412 2020-жылдын 2-декабрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 309 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Таш-Көмүр шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер – Орозбаев Эрк Нарынбекович «Таш-Көмүр жаштары», Доулбеков Нурлан Турсуналыевич «Ата-Журт», фракцияларынын депутаттарынан сунушталышып катталышкан.
Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 2-декабрындагы протоколу менен шайлоонун жыйынтыгы аныкталган. Добуш берүүдө Таш-Көмүр шаардык кеңешиндеги 31 депутатын 29 депутаты катышып, Э.Н. Орозбаев - 11 добуш, Н.Т. Доулбеков - 18 добуш алгандыгы белгиленген, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш.
Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 2-декабрындагы протоколу менен Доулбеков Нурлан Турсуналыевич Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.
2020-жылдын 2-декабрындагы Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылы 2-декабрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдор бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Доулбеков Нурлан Турсуналыевич Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.
2. Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясы Таш-Көмүр шаарынын шайланган мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 7-декабры
№ 412