19.06.2021 № 515 2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Баткеноблусунун Баткенрайонунун Кара-Бакайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжаларытууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Баткеноблусунун Баткенрайонунун Кара-Бакайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжаларытууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 26-майындагы №326токтому менен дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бакайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Кара-Бакайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер –Каламбеков Абдикарим Саалыевич - Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Баткенаймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагыпротоколу менен Кара-Бакайылдык кеңешиндеги 31 депутаттын ичинен 30 депутатыкатышып,А. Каламбековго– 22 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добушберилгендиги, 1 жараксыз бюллетени белгиленген.
Баткенаймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагыпротоколу мененКаламбеков Абдикарим СаалыевичКара-Бакайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Баткеноблусунун Баткенрайонунун Кара-Бакайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 15-июнундагыБаткенаймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Бакайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынчабашкаруужөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын29-беренесинеылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун БаткенрайонунунКара-Бакайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын15-июнундагыпротоколдору бекитилсин.
1.1. Баткеноблусунун Баткенрайонунун Кара-Бакайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Каламбеков Абдикарим СаалыевичБаткеноблусунун Баткенрайонунун Кара-Бакайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Баткенаймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кара-Бакайыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 19-июну
№515