Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 1-мартындагы № 27 токтому менен Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 20-мартына дайындалган, бирок Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаттары айыл өкмөтүнүн башчысын шайлабагандыгына байланыштуу шайлоо болбой калган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 30-январындагы №16 токтому менен Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 12-февралына дайындалган, бирок Тогуз-Торо айылдык кеңешинин депутаттары айыл өкмөтүнүн башчысын шайлабагандыгына байланыштуу шайлоо болбой калган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
6-беренесиндеги 5-пунктка, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, ошондой эле «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчыларын кайра шайлоо 2013-жылдын 10-апрелине дайындалсын.
2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 27-марты
№ 40