Жергиликтүү кеңештердин сессияларынын токтомдору менен айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулган. Ал токтомдордун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун алган, шайланган депутаттардан кийин турган талапкерлерге жана пропорциялуу система боюнча саясий партиялардын тизмелериндеги депутат болуп шайлангандардан кийин катталган талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарын шайланган депутат деп таануу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көрсөтүлгөн токтомдорунун бөлүктөрү бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарынын каттоосу бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылсын.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарынын ырастамалары бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Аймактык шайлоо комиссияларынын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
5. 2-тиркемеде аталган талапкерлер бул токтом жарыяланган күндөн тартып жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастаманы жана төш белгини берсин.
7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 6-февралы
№ 19
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 6-февралындагы № 19 токтомунун 1-тиркемеси
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган
жергиликтүү кеңештердин депутаттары
|
№ |
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж. |
Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби |
Депутатты таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
|
Жалал-Абад облусу |
||||
|
Жалал-Абад шаары |
||||
|
Жалал-Абад шаардык кеңеши |
Мамасыдыков Бекмамат |
“Ата-Журт” фракциясынын токтомунун негизинде |
№ 152, 15.12.2012 |
|
|
Ноокен району |
||||
|
Ноокен |
Курманкулов Акылбек Бегматович |
Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган |
№ 152, 15.12.2012 |
|
|
Достук |
Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевич |
Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган |
№ 152, 15.12.2012 |
|
|
Чүй облусу |
||||
|
Ысык-Ата району |
||||
|
Узун-Кыр |
Акматов Шаадатбек Ильясович |
Соттун өкүмүнүн негизинде |
№ 157, 15.12.2012 |
|
|
Жээк |
Сайиндиев Керимкул Акжолтаевич |
Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган |
№ 20, 25.12.2012 |
|
|
Ысык-Көл облусу |
||||
|
Жети-Өгүз району |
||||
|
Жети-Өгүз |
Далиев Уланбек Эшенович |
Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган |
№ 153, 15.12.2012 |
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 6-февралындагы № 19 токтомунун 2-тиркемеси
Жергиликтүү кеңештердин кийинки шайланган депутаттары
|
№ |
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары |
Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. |
Ээлеген кызматы, кызмат орду |
Бош калган мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
|
Жалал-Абад облусу |
|
|
||
|
Жалал-Абад шаары |
||||
|
Жалал-Абад шаардык кеңеши |
Турдукулов Кабылжан |
Иштебейт |
№ 8, 14.01.2014 |
|
|
Ноокен району |
||||
|
Ноокен |
Нусупбеков Абдыманап Нарынбаевич |
Иштебейт |
№ 1, 02.02.2014 |
|
|
Достук |
Алыбаев Абдрашит Шыгаевич |
Иштебейт |
№ 2, 02.02.2014 |
|
|
Чүй облусу |
||||
|
Ысык-Ата району |
||||
|
Узун-Кыр |
Сабыров Рустам Нурлагович |
АЗС “Шнос”, оператор |
№ 2, 28.01.2014 |
|
|
Жээк |
Сейдахматов Адильхан Азисканович |
АК “Каниет”, айдоочу |
№ 1, 17.01.2014 |
|
|
Ысык-Көл облусу |
||||
|
Жети-Өгүз району |
||||
|
Жети-Өгүз |
Намазбеков Тынчтыкбек Сукешевич |
Пенсионер |
№ 10, 03.02.2014 |
|