Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 2-сентябрындагы, 2010-жылдын 4-сентябрындагы, 2010-жылдын 5-сентябрындагы, 2010-жылдын 7-сентябрындагы №№ 190, 194, 201, 210 токтомдору менен “Ата-Журт” Идеалисттик демократиялык саясий партиясынан, “Республика” саясий партиясынан, “Кыргызстан элдеринин союзу” саясий партиясынан, “Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы” саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмеси катталган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына катталган талапкерлерден: “Ата-Журт” Идеалисттик демократиялык саясий партиясынан Б.И. Усубакуновадан, “Республика” саясий партиясынан К.К. Кускаковдон, “Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы” саясий партиясынан А. Акитаевадан жана Д.Б. Бапановдон, “Кыргызстан элдеринин союзу” саясий партиясынан Э.Б. Мамбеталиевден Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгы жана талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арыздар келип түшкөн.
Катталган талапкерлердин жазуу жүзүндө берген арыздарына байланыштуу, “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылсын:
“Ата-Журт” Идеалисттик демократиялык саясий партиясынан:
- Усубакунова Бактыгүл Ильясовна;
“Республика” саясий партиясынан:
- Кускаков Камчыбек Казыевич;
“Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы” саясий партиясынан:
- Акитаева Асылкан жана Бапанов Дуулат Базанович;
“Кыргызстан элдеринин союзу” саясий партиясынан:
- Мамбеталиев Эркинбек Болотбекович.
2. Катталган талапкерлердин күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын:
- “Ата-Журт” Идеалисттик демократиялык саясий партиясынан, 2010-жылдын 2-сентябрындагы № 60;
- “Республика” саясий партиясынан, 2010-жылдын 4-сентябрындагы № 118;
- “Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы” саясий партиясынан, 2010-жылдын 7-сентябрындагы № 79, № 97;
- “Кыргызстан элдеринин союзу” саясий партиясынан, 2010-жылдын 5-сентябрындагы № 30.
3. Бул токтом “Ата-Журт” Идеалисттик демократиялык саясий партиясына, “Республика” саясий партиясына, “Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы” саясий партиясына, “Кыргызстан элдеринин союзу” саясий партиясына билдирилсин.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 14-сентябры
№ 249