Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарынын 2013-жылдын 4-февралындагы № 12/од буйругу менен түзүлгөн Жумушчу топ сунуш кылган маалымкаттын негизинде жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2, 26-пункттарына, 2-бөлүктүн 5-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн аракеттерине Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айылынын тургуну Н.Нусубалиеванын даттануусун жана Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутаттары А.Тургуналиеванын, М.Сапарованын, А.Мамаеванын, А.Айтбаеванын, Н.К.Шамшыкеевдин жана Ж.Т.Шаршеевдин арыздарын карап чыгуунун натыйжалары жөнүндө маалымкат эске алынсын (тиркелет).
2. Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутаты Н.Нусубалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну жана анын мандатын андан кийинки талапкер Ж.Т.Шаршеевге өткөрүп берүүнү караган Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 10-декабрындагы № 70 протоколу жокко чыгарылсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 11-марты
№ 34