10.11.2020 №301Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 5-ноябрындагы № 29-б, буйругу менен Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Абакиров Рахатбек Болотбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 30-ноябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы   № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колду тазалоо) өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2019-жылдын 10-ноябры
№ 301