10.10.2019 №146 2019-жылы 1-октябрда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2019-жылы 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 13-сентябрындагы №133 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер – Арпачиев Сыезбек Сагыналиевич, Джумалиев Эдиль Асыкбаевич катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылы 1-октябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколу менен Көк-Жар айылдык кеңешинин 11 депутаты толугу менен катышып, С.С. Арпачиевге – 3 добуш, Э.А. Джумалиевге - 8 добуш алышкан, “бардык талапкерлерге каршы” позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылы 1-октябрдагы шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколу менен Э.А. Джумалиев Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылы 1-октябрда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Джумалиев Эдиль Асыкбаевич Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 10-октябры
№146