№29 2018-жылдын 2-февралында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 16-январындагы № 4 токтому менен 2018-жылдын 2-февралына дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө, Ала-Бука районунун Өрүктү, Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Аксы, Ала-Бука, Кадамжай аймактык шайлоо комиссиялары берген добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдоруна ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Мавлянов Райымжан Абишович табылсын.
2. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Өрүктү айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Кийикбаев Рустам Нарпайович табылсын.
3. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын Алга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3.1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
3.2. Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Дыканов Жыргалбек Рахманович табылсын.
4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдардын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 12-февралы
№ 29