Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Республика” саясий партиясынын депутаты Режавалиев Абдулатип Маматасановичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Республика” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкер Арапбаев Асилбек Ормонович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.
2. Арапбаев Асилбек Ормонович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш. 2015-жылдын 29-августу
№ 125
2015-жылдын 29-августунда жарыяланды