№189 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы

2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  7-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек  айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин    2018-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №210 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2018-жылдын 23-октябры
№ 189