2013-жылдын 14-, 19-, 20-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын: Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Өрүктү айыл өкмөтүнүн, Жети-Өгүз районундагы Оргочор, Светлая Поляна айыл өкмөттөрүнүн, Талас облусунун Талас районундагы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн, Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата, Шадыкан айыл өкмөттөрүнүн, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Коңорчок айыл өкмөтүнүн, Нарын районундагы Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүнүн, Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтүнүн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү, алар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 1-мартындагы № 26, № 27 токтомдору менен дайындалган.
Аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 19-мартындагы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
2. 2013-жылдын 19-мартындагы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
3. 2013-жылдын 19-мартындагы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
4. 2013-жылдын 19-мартындагы Талас облусунун Талас районундагы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
Талас облусунун Талас районундагы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
5. 2013-жылдын 19-мартындагы Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
6. 2013-жылдын 20-мартындагы Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
7. 2013-жылдын 19-мартындагы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Коңорчок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Коңорчок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
8. 2013-жылдын 19-мартындагы Нарын облусунун Нарын районундагы Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
Нарын облусунун Нарын районундагы Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
9. 2013-жылдын 19-мартындагы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
10. 2013-жылдын 19-мартындагы Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
11. 2013-жылдын 14-мартындагы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
12. Төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелсин (тизмеси тиркелет).
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
13. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
14. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 27-марты
№ 41
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2013-жылдын 27- мартындагы
№ 41 токтомунун
тиркемеси
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун
аткаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси
|
Катар № |
Аткаруу органынын аталышы |
Шайланган башчынын Ф.А.Ж. |
|
Ысык-Көл облусу |
||
|
Ысык-Көл району |
|
|
|
1. |
Өрүктү |
Токтосопиев Каныбек Молдокматович |
|
Жети-Өгүз району |
|
|
|
2. |
Оргочор |
Супатаев Канатбек Аалиевич |
|
3. |
Светлая поляна |
Мамытканов Джылкычий Кукуневич |
|
Талас облусу |
||
|
Талас району |
|
|
|
4. |
Көк-Ой |
Узгенов Самарбек Торобекович |
|
Бакай-Ата району |
|
|
|
5. |
Бакай-Ата |
Бердалиев Кубандык Кыдыкович |
|
6. |
Шадыкан |
Ызабеков Медеркул Сагынбекович |
|
Нарын облусу |
||
|
Ак-Талаа району |
|
|
|
7. |
Коңорчок |
Сатындиев Курманбай Мамбетжусупович |
|
Нарын району |
|
|
|
8. |
Ак-Кудук |
Касымов Самат Шайлоевич |
|
|
|
|
|
Чүй облусу |
||
|
Аламүдүн району |
|
|
|
9. |
Лебединовка |
Солтонов Алкан Шайлообекович |
|
Сокулук району |
|
|
|
10. |
Сокулук |
Майгулаков Маратбек Эмильбекович |
|
Ош облусу |
||
|
Кара-Суу району |
|
|
|
11. |
Кашкар-Кыштак |
Насирдинов Мухидин Салайдинович |