13.06.2021 № 425 2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көлоблусунун Жети-Өгүзрайонунун Ырдык жана Липенка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын21-майындагы № 260токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык жана Липенка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Ырдык айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Дыйканбаев Аскатбек Шарипович, Келгенбаев Анвар Исмаиловичкатталган. Талапкер Ырдык айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Ырдык айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып А.Ш. Дыйканбаев - 11 добуш, А. И. Келгенбаев– 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Дыйканбаев Аскатбек ШариповичЫрдык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Липенка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Докоев Урматбек Сырдыбаевич катталган. Талапкерлер Липенка айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Липенка айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 10 депутаты катышып,У.С. Докоев - 10 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Докоев Урматбек Сырдыбаевич Липенка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык жана Липенка айыл өкмөттөрүнүн башчыларыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 8-июнундагыЖети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын Ырдык жана Липенка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 8 , 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесинеылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунунЫрдык жана Липенка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонуннатыйжалары тууралуу Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8-июнундагы протоколдорубекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунунЫрдык жана Липенка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Дыйканбаев Аскатбек Шарипович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Докоев Урматбек Сырдыбаевич Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Липенка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ырдык жана Липенка айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 13-июну
№ 425