№390 Мактымбаев Калмаматты каттоодон баш тартуу жөнүндө

2017-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – БШК) өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүнүн талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жараны Кенжекулов Полотбек Пирмаматовичтен арыз келип түштү.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин  1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 51-беренесине ылайык, Президенттин кызмат ордуна талапкер Өкмөт тарабынан бекитилген, мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "Ортодон жогору" деңгээл катары мүнөздөлүүчү, карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш. Тилди билүүнүн деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат (мындан ары - мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат) менен ырасталат. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү мекеме тарабынан тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча берилет.
Президенттин кызмат ордуна талапкердин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Конституциялык Мыйзамдын 51-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты Борбордук шайлоо комиссиясына бербегени каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин  2-бөлүгүнө, конституциялык Мыйзамдын  52-беренесинин 1,7-бөлүктөрүнө ылайык, Президенттин кызматына талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынышы керек. Президенттикке талапкерди колдоп кол чогултуу боюнча кол коюу барактары ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан, шайлоо күнүнө 50 күн калгандан кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июлундагы №1681-VI токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган. Талапкер, анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын колтамгалары коюлган кол коюу барактарды шайлоо күнүнө 50 күн калгандан кечиктирбестен, тактап айтканда, 2017-жылдын 26-августуна чейин өткөрүп берүүгө тийиш эле. 
2017-жылдын 26-августундагы абал боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К. Мактымбаев же анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын колтамгалары коюлган кол коюу барактарды өткөрүп берген жок. 
Конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, шайлоочулардын 30 миңден кем эмесинин колун топтогон адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат. Ошондой эле мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат берилген эмес.
Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди бербөө, талапкерди каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К. Мактымбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен белгиленген талаптарды сактабагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесин, конституциялык Мыйзамдын  49,50,51,52,53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 26-августундагы чечимин  жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

    
ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен белгиленген талаптар сакталбагандыгына байланыштуу, Мактымбаев Калмаматты Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоодон баш тартылсын.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                        Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 26-августу
№ 390