№92 Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Даркан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 16-апрелиндегы №81 токтому менен 2018-жылдын 4-майына дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Даркан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Сокулук жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдоруна ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Күн-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу 2018-жылдын 4-майындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана шайлоонун 2018-жылдын 7-майындагы натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Сейдалиев Адылет Айтбекович табылсын.
2. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын Даркан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу 2018-жылдын 4-майындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана шайлоонун 2018-жылдын 7-майындагы натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Даркан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Даркан айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Жусупов Нурдин Мукашович табылсын.
3. Сокулук жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары шайланган айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 11- майы
№ 92
Бишкек ш., 2018-жылдын 11- майы
№ 92