Шайлоо системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
6,7,18-беренелеринин негизинде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бирдиктүү колдонууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 1-пунктта:
- “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоодон тышкары” деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: “Шаардын мэрин шайлоону өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Жобо менен жөндөлөт.”;
2) 8-пункттагы “жана шаардык кеңештин регламенти менен” деген сөздөр алып салынсын;
3) 10-пункт алып салынсын;
4) 20-пункт алып салынсын;
5) 22-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: “Шайлоо бюллетендери мамлекеттик же расмий тилдерде компьютердик ыкма менен даярдалат. Шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бекитилген санынан көпчүлүгүнүн колтамгасы болгондо анык деп эсептелинет.”;
6) 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Шаардын мэрин шайлоо шаардык кеңештин жыйындары үчүн жайда өткөрүлөт.”;
7) 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Шаардын мэрин шайлоо башталганга чейин аймактык шайлоо комиссиясы шаардын мэрин шайлоонун башталышы үчүн кворумдун болушун белгилейт.”;
8) 27-пунктта “эсептөө комиссиясы” деген сөздөр “аймактык шайлоо комиссиясы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Добуш берүүнүн алдында добуш берүүчү үкөк текшерилет, пломба коюлат жана комиссиянын төрагасы менен катчысынын колтамгасы коюлуп, аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен чапталат.”;
10) 29-пункт төмөнкүдөй сүйлөм менен толукталсын: “Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн депутат шаардык кеңештин депутаттарынын тизмесине кол коет, ал мурдатан түзүлөт жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын мөөрү менен бекемделет.”;
11) 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Добуш берүүнүн бүтүшү аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат. Колдонулбаган шайлоо бюллетендери эсептелет жана добуш берүү үчүн үкөктү ачканга чейин аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жок кылынат.”;
12) 32-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Добуштарды саноо аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана ачык-айкын ишке ашырылат жана добуш берүүчү жайда тыныгуусуз жүргүзүлөт.”;
13) 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жокко чыгарылган бюллетендеринин саны жөнүндө жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизги маалыматтары добуш берүүчү жайда Протоколдун чоңойтулган формасында берилет жана толтурулат.;
14) 34-пунктта “эсептөө комиссиясы” деген сөздөр “аймактык шайлоо комиссиясы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
15) 35-пунктта
- “эсептөө комиссиясы” деген сөздөр “аймактык шайлоо комиссиясы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы сүйлөмдөр менен толукталсын:
“Эгерде:
эки талапкер катталса жана алардын бирөөсү дагы добуштардын зарыл санын ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт;
экиден ашуун талапкер катталса жана алардын бирөөсү дагы добуштардын зарыл санын ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.
Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, кийинки эки талапкер азыраак же бирдей сандагы добуш алса, көп сандагы добуш алган бир талапкер боюнча добуш брүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.
Добуш берүүнүн экинчи туру ушул Жобонун 24-41 пункттарында белгиленген тартипте өткөрүлөт.
16) 36-пунктта:
- “эсептөө комиссиясы” деген сөздөр “аймактык шайлоо комиссиясы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
17) 37-пунктта :
- “жана протокол шаардык кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизилет” деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: ”Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжаларын аныктайт жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протокол түзүлөт, ага аймактык шайлоо комиссиясынын катышкан бардык мүчөлөрү АШК мүчөлөрүнүн белгиленген санынын көпчүлүгүнөн кем эмеси кол коет.”;
18) 39-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор Борбордук шайлоо комисиясына жиберилет (1-нускасы). Экинчи нускасы аймактык шайлоо комиссиясында сакталат. Күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиешелүү шаарыдк кеңешке жана Кыргыз Республикаснын Премьер-министрине жиберилет, ошондой эле добуш берүүчү жайда катышкандардын бардыгына алардын талабы боюнча берилет.”;
19) 40-пункт алып салынсын;
20) 41-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жөнүндө жалпы маалыматты жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоолордун натыйжаларын аныктоо боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын иш аракеттерине даттануу, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктарынын жана шаардын мэрин шайлоолордун натыйжаларынын өзүнө даттануу “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамда жана шайлоо мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.”.
21) 42, 43-пункттар жокко чыгарылсын.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 23-апрели
№ 62
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын
2012-жылдын 23- апрелиндеги
№ 62 токтому менен бекитилген
Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Негизги жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана шаарлардын мэрлерин шайлоону өткөрүү тартибин аныктайт.
Шаардын мэрин шайлоону өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Жобо менен жөнгө салынат.
2. Шаарлардын мэри тийиштүү шаардык кеңештер тарабынан аларды чакырылыш мөөнөтүнө жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат.
3. Мэрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттык фракциялары жана Кыргыз Республикасынын Премьер – министри укуктуу.
4. Аракетке жөндөмдүү, жогорку билимдүү жана мамлекеттик же муниципиалдык
кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажысы, же болбосо мамлекеттик билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, же жеке менчик түрүндөгү уюмдарда, мекемелерде жана чарбакер субъектерде жетекчи кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат.
Кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон жана соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаган же жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло албайт.
5. Шаардын мэрин шайлоо шайланган шаардын мэринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүтө турган күнгө чейин 25 календарлык күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан дайындалат.
6. Шаардын мэринин кызмат орду мөөнөтүнөн мурда бошогон учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен шаардын мэрин шайлоону дайындайт.
7. Шаардын мэрин шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 25 календарлык күндүн ичинде өткөрүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы шаардын мэрин шайлоону координациялоо жана байкоо жүргүзүү үчүн тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн жиберүүгө укуктуу.
8. Шаардын мэрин шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу ишке ашырылат. Шаардын мэрин шайлоо, эгерде ага шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн экисинен кем эмеси катышса болду деп эсептелинет.
Шаардын мэрин шайлоону өткөрүү жол-жобосу “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине, ушул Жобого ылайык ишке ашырылат.
9. Шайланган шаардын мэрине тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан
күбөлүк берилет.
Күбөлүктүн формасы жана тексти Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
10. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 23-апрелиндеги № 62 токтому менен жокко чыгарылды.
II. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди
каттоонун тартиби
11. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо үчүн шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер–министри шайлоого чейинки
5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим;
2) талапкердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызы;
3) талапкердин аты-жөнү, туулган күнү, жумуш орду, ээлеген кызматы (ишинин түрү) жана жашаган жерин көрсөткөн өмүр баянынын маалыматтары;
4) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык, шаардын мэрине коюлуучу талаптарды ырастаган тийиштүү документтер.
12. Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынган күндөн тартып 3 календарлык күндүн ичинде шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартибинин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келишин текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө же аны каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү чечимин кабыл алат.
Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясына катталган талапкерлер жана катталбаган талапкерлер жөнүндө токтоосуз маалымдайт.
13. Эгерде аймактык шайлоо комиссиясы шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоого тоскоол болуп саналган талапкердин документтериндеги ылайык келбөөчүлүктү аныктаса, документтер алынгандан тартып 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы талапкерди көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттык фракциясына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине аталган ылайык келбөөчүлүк туурасында кабарлоого милдеттүү.
Талапкерди көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кабарландырууну алган учурдан тартып 48 саат ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.
14. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттык фракциясына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине шайлоо комиссиясынын баш тартуусунун негизи баяндалган чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
15. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болот:
1) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган көрсөтүү тартибин сактабагандык;
2) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
3) талапкер башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүү экендиги;
4) талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөткөн субъектилер тарабынан (шаардык кеңешинин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53 – беренесинин 1- бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык зарыл документтерди бербөө.
16. Талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.
17. Тиешелүү шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин
2 календарлык күндүн ичинде шаардын мэрин шайлоону уюштурат.
18. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкер каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Бул учурда талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
19. Талапкерди шаардын мэринин кызмат ордуна көрсөткөн шаардык кеңешинин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен талапкерди кайра чакырып алууга укуктуу. Бул учурда шаардын мэринин кызмат ордуна тийиштүү талапкерди каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алууга милдеттүү.
III. Шайлоону уюштуруу
20. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 23-апрелиндеги № 62 токтому менен жокко чыгарылды
21. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин текстин бекитет, алардын сакталышын камсыз кылат, өзүнүнүн жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзүүнү уюштурат, ушул Жобого ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
22. Шайлоо бюллетендери мамлекеттик жана/же расмий тилдерде компьютердик ыкма менен даярдалат. Шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бекитилген санынан көпчүлүгүнүн колтамгасы болгондо анык деп эсептелинет
23. Бюллетенге шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлер алфавиттик тартипте
киргизилет.
IV.Шайлоону өткөрүү жана добуш берүүнүн тартиби
24. Шаардын мэрин шайлоо шаардык кеңештин жыйындары үчүн жайда өткөрүлөт.
25. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын аппараттары аймактык шайлоо комиссияларына жайларды, добуш берүү үчүн кабиналарды, үкөктү орнотууга жана шайлоолорду өткөрүүгө байланыштуу башка маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
26. Депутаттардын келиши үчүн жоопкерчиликти тиешелүү шаардык кеңештин төрагасы тартат.
Шаардын мэрин шайлоо башталганга чейин аймактык шайлоо комиссиясы шаардын мэрин шайлоонун башталышы үчүн кворумдун болушун белгилейт.
27. Добуш берүү жол-жобосун камсыздоо үчүн жоопкерчиликти аймактык шайлоо комиссиясы тартат.
28. Добуш берүүнүн алдында добуш берүүчү үкөк текшерилет, пломба коюлат жана комиссиянын төрагасы менен катчысынын колтамгасы коюлуп, аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен чапталат
29. Ар бир депутат жеке өзү добуш берет, башка адамдар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт. Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн депутат шаардык кеңештин депутаттарынын тизмесине кол коет, ал мурдатан түзүлөт жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын мөөрү менен бекемделет
30. Добуш берүүнүн бүтүшү аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат. Колдонулбаган шайлоо бюллетендери эсептелет жана добуш берүү үчүн үкөктү ачканга чейин аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жок кылынат.
31. Добуш берүү аяктаганга чейин добуш берүүчү үкөктү ачууга тыюу салынат.
V. Шаардын мэрин шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруунун жана
жарыялоонун тартиби
32. Добуштарды саноо аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана ачык-айкын ишке ашырылат жана добуш берүүчү жайда тыныгуусуз өткөрүлөт
33. добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жокко чыгарылган бюллетендеринин саны жөнүндө жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизги маалыматтары добуш берүүчү жайда протоколдун чоңойтулган формасында берилет жана толтурулат
34. Жараксыз бюллетендер өз алдынча эсептелет жана алар туурасында добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколуна жазылат. Шайлоочунун эрк билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн колтамгалары жок же бюлетень бекитилген формага ылайык келбесе жараксыз болуп саналат.
35. Добуш берүүчү үкөктөгү бюллетендердин негизинде аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө катышкан депутаттардын жалпы санын, шаардын мэринин кызмат ордуна талапкер үчүн берилген “макул” жана «бардык талапкерлерге каршы» берилген добуштардын санын аныктайт.
Эгерде:
- эки талапкер катталса жана алардын бирөөсү дагы добуштардын зарыл санын ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт;
- экиден ашуун талапкер катталса жана алардын бирөөсү дагы добуштардын зарыл санын ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.
Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, кийинки эки талапкер азыраак же бирдей сандагы добуш алса, көп сандагы добуш алган бир талапкер боюнча добуш брүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.
Добуш берүүнүн экинчи туру ушул Жобонун 24-41 пункттарында белгиленген тартипте өткөрүлөт.
36. Добуштарды саноонун натыйжасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы аныкталат жана алар протоколго киргизилет. Протокол аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт жана ага аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колу коюлат.
37. Протоколго кол коюлгандан кийин эсептөө комиссиясынын төрагасы шаардык кеңештин депутаттарына жана катышуучу адамдарга добуш берүүнүн жыйынтыгын дароо жарыя кылат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжаларын аныктайт жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протокол түзүлөт, ага аймактык шайлоо комиссиясынын катышкан бардык мүчөлөрү АШК мүчөлөрүнүн белгиленген санынын көпчүлүгүнөн кем эмеси кол коет.
38. Тиешелүү шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон шаардын мэринин кызмат ордуна талапкер шайланды деп эсептелинет.
39. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор Борбордук шайлоо комисиясына жиберилет (1-нускасы). Экинчи нускасы аймактык шайлоо комиссиясында сакталат. Күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиешелүү шаардык кеңешке жана Кыргыз Республикаснын Премьер-министрине жиберилет, ошондой эле добуш берүүчү жайда катышкандардын бардыгына алардын талабы боюнча берилет.
40. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 23-апрелиндеги № 62 токтому менен жокко чыгарылды.
41. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жөнүндө жалпы маалыматты жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоолордун натыйжаларын аныктоо боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын иш аракеттерине даттануу, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктарынын жана шаардын мэрин шайлоолордун натыйжаларынын өзүнө даттануу “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамда жана шайлоо мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт
42. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 23-апрелиндеги № 62 токтому менен жокко чыгарылды.
43. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 23-апрелиндеги № 62 токтому менен жокко чыгарылды.
VI. Кайрадан шайлоо
44. Эгерде:
- бир талапкер катталса, ал депуттардын зарыл сандагы добуштарын ала албаса, кайрадан шайлоо өткөрүлөт;
- биринчи турда эки талапкерлер тең депутаттардын бирдей сандагы добуштарын алышса, кайрадан шайлоо өткөрүлөт;
- биринчи турда бардык талапкерлер депутаттардын бирдей сандагы добуштарын алышса, кайрадан шайлоо өткөрүлөт;
- талапкерлерге карата “талапкерлердин бардыгына каршы” позициясына депутат-тардын көпчүлүгү добуш берсе, кайрадан шайлоо өткөрүлөт;
- добуш берүү күнүнө карата бир дагы талапкер катталбаса же катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайрадан шайлоо өткөрүлөт.
45. Борбордук шайлоо комиссиясы шаардын мэри шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайрадан шайлоону дайындайт.
46. Жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
47. Эгер шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өткөрүлбөй калса, Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайрадан шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайрадан шайлоо мурда катталган талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
48. Шаардын мэрин кайра шайлоо ушул Жобонун 11-43 пункттарында белгиленген тартипте өткөрүлөт.
VII. Шаардын мэринин шайланбай калуусунун кесепеттери
49. Тиешелүү шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шаардын мэри белгиленген мөөнөттө шайланбай калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти жергиликтүү кеңешти таратат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
50. Кыргыз Республикасынын Премьер –министри тиешелүү шаардык кеңештин депутаттарынын жаңы курамы тарабынан шаардын мэри шайланганга чейин шаардын мэринин милдетин аткаруучуну дайындайт.