20.05.2021 №251 Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларын таркатуу жөнүндө
Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларын таркатуу жөнүндө
"Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-майындагы №192 токтому менен Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын жоопкерчилиги кароо жөнүндө чечим кабыл алынган.
"Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 11-майындагы №196 токтому менен Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жоопкерчилигин кароо жөнүндө чечим кабыл алынган.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 6, 7, 18, 20, 24-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу" Жобону жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын курамдары таркатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты үч календарлык күн ичинде Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы курамдарын түзсүн.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек, 2021-жылдын 20-майы
№251