№195 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Ж. Жамангуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун 2018-жылдын 24-октябрындагы №346-б чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынан депутат Жамангулов Акылбек Жекшенович «Альфа Телеком» жабык акционердик коомдун башкы директору болуп шайланган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун, 2-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Республика-Ата Журт” саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган Жамангулов Акылбек Жекшеновичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жамангулов Акылбек Жекшеновичтин депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 26-октябры
№ 195