16.03.2021 №69 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) добуш берүү үчүн бюллетени жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын  31-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамынын 3-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, «Катуу көзөмөлдөгү отчеттуулук документтерин даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы № 540 токтомун жетекчиликке алып,

           Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүдө) добуш берүү үчүн бюллетенинин формасы жана тексти бекитилсин (тиркеме).

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн добуш берүү үчүн бюллетердерди, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24 дареги боюнча жайгашкан «Учкун» ААКсында даярдоо ишке ашырылсын.

3. Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы жана маалымат-коммуникация технологиялар башкармалыгы добуш берүү үчүн бюллетендерин даярдоо процессинде, шайлоо бюллетендеринин формасы жана сактоо даражасынын талаптарын камсыздоо максатында алдын-ала тестирлөөнү ишке ашырсын.

4. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Атайын байланыш кызматы» мамлекеттик ишканасы менен добуш берүү үчүн бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларга жеткирүү боюнча келишим түзүлсүн.

5. Добуш берүү үчүн бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларга жеткирүү жана өткөрүп берүү үчүн жооптуулар болуп региондор боюнча бекитилген кураторлукка ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү белгиленсин.

6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркемесиз).

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш, 2021-жылдын 16-марты