№499 №499 Бишкек шаарынын Ленин районундагы №1064 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
№1064 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын Ленин районундагы №1064 шайлоо участкасынын дареги, «Улан» кафесинин имаратынан, «Газпром - балдарга» ДЖБ имаратына өзгөртүлсүн.
2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөрүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом “ЭркинТоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 07-октябры
№499
№499