Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде,«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад облусунун Чаткалаймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- «Кыргызстан»саясий партиясынанкөрсөтүлгөн Токтогулов Өмүрзак Мамасалиевич, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынанкөрсөтүлгөн Алибекова Нүргүл Раевна, Тороева Гулбайра Райымбековнакомиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Равиль кызы Нуриза, Назалова Мира Наркуловна, Чонатаева Нурила Текебаевна, Мамытов Тынарбек Тургунбаевич, Ызакбаев Абай Абдыкеримович, Ашырбекова Гульзар Эргешовнакомиссиянын курамына киргизилсин.
- Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисиМ. Конурбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 31-майы
№ 353