13.06.2021 № 436 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево, Өрүктү, Ак-Суу районунун Челпек жана Түп районунун Тогуз-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
2021-жылдын 11, 12-июнуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көлрайонунун Ананьево, Өрүктүайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо,белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаганына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысышайланбайкалган.
2021-жылдын 11-июнуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо,бир дагы катталган талапкер айылдык кеңештин депутаттарынын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысышайланбайкалган.
2021-жылдын 12-июнуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Түпрайонунун Тогуз-Булакайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо,депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясына берилгендигине байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысышайланбайкалган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек, Түп районунун Тогуз-Булакайыл өкмөттөрүнүн башчыларын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, Ысык-Көл облусунунЫсык-Көлрайонунун Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо2021-жылдын 26-июнуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Ысык-Көлрайонунун Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо2021-жылдын 26-июнуна дайындалсын жана саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Ысык-Көл, Ак-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 13-июну
№ 436