Ош облусундагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 4-апрелиндеги № 27 чечиминин негизинде шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары боюнча сунушуна жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2-, 4-, 5-пункттарын, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2014-жылдын 18-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).
2.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3.Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 08-апрели
№ 55
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 08-апрели
№ 55 токтомуна тиркеме
Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин шайлоо участкаларынын чек аралары
|
№
|
УШК № |
УШКнын аталышы |
Шайлоо участкаларынын чек аралары |
Шайлоочулардын саны |
|
1. |
№ 5243 |
Озгур |
Озгур айылы толугу менен кирет |
1065 |
|
2. |
№ 5244 |
Төлөйкөн |
Төлөйкөн айылы толугу менен кирет |
2490 |
|
3. |
№ 5245 |
Учар |
Учар айылынын Сатиев, Акчалов, Асаев, Жаңы-Учар, Эрматов көчөлөрү |
2133 |
|
4. |
№ 5246 |
Кыргызстан |
Кыргызстан айылы толугу менен, Жаңы-Коргон айылы |
2005 |
|
5. |
№ 5247 |
Дыйкан-Кыштак-1 |
Дыйкан-Кыштак айылынын Интернациональная көчөсүнүн Полевая көчөсүнө чейин, Амир Темур, Ала-Тоо, Тоголок Молдо, Соң-Көл, Темирязев, Пахтабад, Х.Салиева көчөлөрү толугу менен кирет |
1712 |
|
6. |
№ 5248 |
Дыйкан-Кыштак-2 |
Дыйкан-Кыштак айылынын Полевая көчөсү Амир Темур көчөсүнө чейин, Ысык-Көл, Жаңы-Чек көчөлөрү толугу менен кирет |
1847 |
|
7. |
№ 5513 |
Дыйкан-Кыштак-3 |
Дыйкан-Кыштак айылынын Синицина, Макаренко, Достук, Ноокатская, Мирная, Ферганская, Юбилейная көчөлөрү, Тулейкенская чакан көчөсү кирет |
1151 |
|
8. |
№ 5550 |
Жапалак |
Саматова, Жээналиева, Калмат, ДЭУ-21, Абылкасымов, Жапалак, Эски Коргон көчөлөрү кирет |
1392 |