№116 2018-жылдын 30-майында өткөрүлгөн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары
2018-жылдын 30-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 11-майындагы № 93 токтому менен 2018-жылдын 30-майына дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Сокулук жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Асылбаш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Жумабеков Жалын Самудинович табылсын.
2. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Иса уулу Нурланбек табылсын.
3. Сокулук жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиялары шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 5 - июну
№ 116
Бишкек ш., 2018-жылдын 5 - июну
№ 116