25.05.2021 №302 Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга жана Кыргыз-Кыштак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга жана Кыргыз-Кыштак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

 

2021-жылдын 17-майында Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга жана Кыргыз-Кыштак айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары болуп өттү.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 11-июнуна дайындалсын жана саат  9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 11-июнуна дайындалсын жана саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана  Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М. Конурбаевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 25-майы

№ 302