12.12.2020 №463 Жапаров Садыр Нургожоевичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-главасына ылайык, 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Жапаров Садыр Нургожоевичтин өзүн өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо үчүн берген документтеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү этабынын жыйынтыктары жөнүндө» 2020-жылдын 24-ноябрындагы №275, «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин кол коюу барактарын текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун маалыматы тууралуу» 2020-жылдын 11-декабрындагы №289 чечимдеринин, «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун 2020-жылдын 12-декабрындагы № 14 чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жапаров Садыр Нургожоевич Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп катталсын.

2. Жапаров Садыр Нургожоевичке Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин күбөлүгү берилсин.

3.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин  кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун  жетекчиси А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 Бишкек ш., 2020-жылдын 12-декабры

№ 463

Особое мнение членов ЦИК Г.Джурабаевой и А. Сатыгулова.