№150 Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 19-июлундагы № 487 буйругу менен Бишкек шаарынын мэри Ибраимов Албек Сабирбекович, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен ишеним көрсөтүлбөгөндүгүнө байланыштуу, ээлеген кызматынан бошотулган.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы №191 токтому менен бекитилген “Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2018-жылдын 8-августуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн

ТӨРАГА                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2018-жылдын 23-июлу 
№ 150