Борбордук шайлоо комиссиясына Ж.У.Иманалиевден Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө келип түшкөн арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлорун шайлоо жөнүндө” 2011-жылдын 25-февралындагы №212/1 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-пунктунун 1-пунктчасын, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-28-пунктчаларын, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
Т О К Т О М К Ы Л А Т
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Иманалиев Жусуп Умаровичтин ыйгарым укуктары депутаттык ыйгарым укуктарды тапшыруу жөнүндө кат жүзүндө берген арызына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.У.Иманалиевдин №027 күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
- Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага А.Сариев
Бишкек шаары, 5-март 2011-жыл
№11