“Ар-Намыс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган Маматалиев Абдырахман Мадакимовичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-бересенинин 1-бөлүгүнүн 2,25-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Ар-Намыс” саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Расулов Майрамбек Алишерович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп табылсын.
2.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Ар-Намыс” саясий партиясынан шайланган депутатына Расулов Майрамбек Алишеровичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 08-апрели
№ 52