07.09.20 №204 2020-жылдын 1-сентябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2020-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 17-июлундагы №138 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук  районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Бактыбаев Бахтияр Согушбекович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.  

Сокулук  аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 1-сентябрындагы протоколу менен Сокулук айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 16 депутаты катышып, Б.С. Бактыбаев-11 добуш алганы, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 5 добуш берилгендиги белгиленген.

Сокулук  аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 1-сентябрындагы протоколу менен Бактыбаев Бахтияр Согушбекович Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Сокулук  районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Сокулук  аймактык шайлоо комиссиясынын Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  6, 7,                                         18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылдын 1-сентябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук  районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.

1.1. Чүй облусунун Сокулук  районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Бактыбаев Бахтияр Согушбекович Чүй облусунун Сокулук  районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Сокулук  аймактык шайлоо комиссиясы Сокулук айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                        Н. Шайлдабекова

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 7 -сентябры

№ 204