26.04.2021 №136 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Чий, Ак-Талаа, Баетов, Жерге-Тал, Жаңы-Талап, Кош-Дөбө, Коңорчок, Кара-Бүргөн, Көк-Жар, Кызыл-Белес, Үгүт жана Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйж

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Чий, Ак-Талаа, Баетов, Жерге-Тал, Жаңы-Талап, Кош-Дөбө, Коңорчок, Кара-Бүргөн, Көк-Жар, Кызыл-Белес, Үгүт жана Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Чий, Ак-Талаа, Баетов, Жерге-Тал, Жаңы-Талап, Кош-Дөбө, Коңорчок, Кара-Бүргөн, Көк-Жар, Кызыл-Белес, Үгүт жана Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыздар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 19-апрелиндеги

- Ак-Чий айылдык кеңешинин

- Ак-Тал айылдык кеңешинин

- Баетов айылдык кеңешинин

- Жерге-Тал айылдык кеңешинин

- Жаңы-Талап айылдык кеңешинин

- Кош-Дөбө айылдык кеңешинин

- Коңорчок айылдык кеңешинин

- Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин

- Көк-Жар айылдык кеңешинин

- Кызыл-Белес айылдык кеңешинин

- Үгүт айылдык кеңешинин

- Терек айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

                  ТӨРАГА                                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 26-апрели

№136