№138 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы №191 токтому менен бекитилген “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоону өткөрүүнү уюштурууну жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы №191 токтому менен бекитилген “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” Жобосунун 46-пункту төмөнкү мазмунда баяндалсын:

«46. Эгерде тийиштүү кеңештин депутаттары тарабынан шаардын мэри белгиленген мөөнөттө шайланбаса Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти жергиликтүү кеңешти таркатууну ишке ашырат жана тийиштүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентине жергиликтүү кеңешти таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө сунушту төмөнкү учурларда жиберет:

-эгерде мэрди шайлоо кворум жок болгондуктан эки жолу өтпөй калса;

-эгерде мэрди шайлоо эки жолу өткөрүлүп, бирок талапкерлер добуштардын зарыл болгон санын албай калышса;

Эгерде шайлоо кворум жок болгондуктан өткөрүлбөй калып, ал эми кайра шайлоо өткөрүлүп, бирок талапкерлер добуштардын зарыл болгон санын албай калышса, анда Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди кайра шайлоону дайындоого укуктуу.

Эгерде шайлоо өткөрүлүп, бирок талапкерлер добуштардын зарыл болгон санын албай калса, ал эми кайра шайлоо кворум жок болгондуктан өткөрүлбөй калса, анда Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди кайра шайлоону дайындоого укуктуу.».

2. Бул токтом Бишкек жана Ош аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2018-жылдын 4-июлу, 
№ 138