26.06.20ж.№113 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 157 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көз
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 157 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө”
Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Саясий партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын келип түшүү булактары жөнүндө маалыматтардын ачыктыгын, каражаттардын туура эсептелишин жана пайдаланылышын камсыздоо максатында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 41-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 157 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) алдында түзүлгөн көзөмөлдөө-текшерүү тобун уюштуруу жана анын иш тартибин аныктайт.”.
- 1.2-пунктта “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын” деген сөздөр “Борбордук шайлоо комиссиясынын” деген сөздөргө алмаштырылсын.
- 1.3-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
2-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун милдеттери
Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышын жана пайдаланылышын көзөмөлдөө;
- талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын келип түшүү булактарын, ошондой эле акча каражаттарынын туура эсептелишин жана пайдаланылышын көзөмөлдөө;
- талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын келип түшүүлөрү чыгымдалышы жана өз ишинин натыйжалары жөнүндө шайлоочуларга маалымдоо.”.
- 3-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун функциялары
Негизги милдеттерди аткаруу үчүн көзөмөлдөө-текшерүү тобу төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- шайлоо комиссияларынын, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоону каржылоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын сактоосун текшерүүнү;
- банк же башка мекеме тарабынан берилген талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине каражаттардын келип түшүүлөрү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоону;
- шайлоо фонддорунун атайын эсептерине каражаттардын келип түшүүлөрү жана чыгымдалышы жөнүндө талапкерлердин, саясий партиялардын каржылык отчетторун текшерүүнү;
- шайлоо аяктагандан кийин талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун чыгымдалбаган акча каражаттарынын калдыктарынын кайтарылып берилишин көзөмөлдөөнү;
- шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын текшерүүнү;
- шайлоо өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө шайлоо комиссияларынын каржылык отчетторун текшерүүнү, алардын баштапкы каржылык документтерге ылайыктуулугун белгилөөнү;
- талапкердин, саясий партиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын депозит эсебине шайлоо күрөөсүнүн туура келип түшүүлөрүн жана алардын туура кайтарылып берилишин текшерүүнү;
- менчигинин түрүнө карабастан ишкана, мекемелерде жана уюмдарда, банктарда жана башка кредиттик-каржы мекемелеринде шайлоо өнөктүгүн каржылоого тийиштүү маселелер боюнча текшерүү жүргүзүүнү;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоону каржылоо маселелери боюнча актыларын иштеп чыгууга катышууну;
- бюджеттик каражаттардын, ошондой эле талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынын чыгымдалышын текшерүү жыйынтыктары боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдорунун жана башка чечимдеринин долбоорлорун даярдоону;
- жеке жана юридикалык жактардын шайлоону каржылоого тийиштүү маселелер боюнча арыздарын жана даттанууларын кароону;
- бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларына шайлоону каржылоо маселелери боюнча, ошондой эле талапкерлерге, саясий партияларга алардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо жана каржылык отчетторду даярдоо маселелери боюнча усулдук жардам көрсөтүүнү;
- талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна каражаттардын келип түшүүлөрү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каржылык отчетторун Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жана башка маалымат каражаттарына жарыялоону.”.
- 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 5.1-1-пункт менен толукталсын:
“5.1-1. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүү мезгилинде көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө, жеке маалыматтар жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарын эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген форматта талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна каражаттардын келип түшүүлөрү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каржылык отчетторун Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялайт.”.
- 5.2-пунктта “берилет” деген сөздөн кийин “жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланат.” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү – көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчисине жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 26-июну
№ 113