26.04.2021 №138 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Нарын районунун Ак-Кудук, Дөбөлү, Достук, Жерге-Тал,Жан-Булак, Казан-Куйган, Кара-Кужур, Миң-Булак, Орток, Он-Арча, Сары-Ой, Учкун, Чет-Нура, Эмгекчил жана Эмгек-Талаа айылдык кеңештерин
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Нарын районунун Ак-Кудук, Дөбөлү, Достук, Жерге-Тал,Жан-Булак, Казан-Куйган, Кара-Кужур, Миң-Булак, Орток, Он-Арча, Сары-Ой, Учкун, Чет-Нура, Эмгекчил жана Эмгек-Талаа айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Нарын районунун Ак-Кудук, Дөбөлү, Достук, Жерге-Тал, Жан-Булак, Казан-Куйган, Кара-Кужур, Миң-Булак, Орток, Он-Арча, Сары-Ой, Учкун, Чет-Нура, Эмгекчил жана Эмгек-Талаа айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Нарын облусунун Нарын районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынды.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 19-апрелиндеги
- Ак-Кудук айылдык кеңешинин
- Дөбөлү айылдык кеңешинин
- Достук айылдык кеңешинин
- Жерге-Тал айылдык кеңешинин
- Жан-Булак айылдык кеңешинин
- Казан-Куйган айылдык кеңешинин
- Кара-Кужур айылдык кеңешинин
- Миң-Булак айылдык кеңешинин
- Орток айылдык кеңешинин
- Он-Арча айылдык кеңешинин
- Сары-Ой айылдык кеңешинин
- Учкун айылдык кеңешинин
- Чет-Нура айылдык кеңешинин
- Эмгекчил айылдык кеңешинин
- Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин
депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Нарын аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
4. Нарын аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 26-апрели
№138