№25 2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 18-мартындагы ПЖ № 41 Жарлыгы менен дайындалган айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштурууну даярдоо жана өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кенештеринин, Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кенешинин, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кенешинин, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кенешинин, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кенешинин, Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кенешинин, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештеринин, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кенешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2019-жылдын 20-марты
№ 25
Бишкек ш, 2019-жылдын 20-марты
№ 25