№86 Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2019-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 3-июнундагы № 75 токтому менен дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык, Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 1 талапкер катталган - Асылбеков Нургазы Чолпонкулович. Ал жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.

Добуш берүүгө Бакыян айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 10 депутат катышкан. Добуш берүүдө Асылбеков Н.Ч. 10 добуш алган.

Шайлоонун натыйжасында Асылбеков Н.Ч. Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылган.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18 - беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 21-июнундагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1.  Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2.  Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Асылбеков Нургазы Чолпонкулович табылсын.

2. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы Бакыян айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2019-жылдын 28-июну 
№ 86