№447 Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагындагы №7307 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

№7307 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагындагы №7307 шайлоо участкасынын дареги, Ак-Суу клубунун имаратынан Ак-Суу айыл өкмөтүнүн имаратына өзгөртүлсүн.

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Москва аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын  15-сентябры 
№ 447