№87 Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2019-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 3-июндагы №75 токтому менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Исанов өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык, Исанов айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер каталган - Маткалыков Усен Орозбекович - райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жана Маматов Маратбек Раимбердиевич - жергилүктүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.
Добуш берүүгө Исанов айылдык кеңешиндеги 31 депутаты баары катышты.
Добуш берүүдө Маткалыков У. О. – 10 добуш; Маматов М. Р. - 20 добуш алышкан, “бардык талапкерлерге каршы” - 1 добуш.
Шайлоонун натыйжасында Маматов М. Р. Исанов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылган.
Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын Исанов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 21-июндагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2 Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Маматов Маратбек Раимбердиевич табылсын.
2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы Исанов айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовгожүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 28 - июну
№87