Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү! 13.10.2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады 09.10.2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди 09.10.2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди 09.10.2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту 09.10.2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби 06.10.2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу 26.09.2026

ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу

Шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү борбордук комиссиясында аккредитациядан өтүүгө тийиш. 2026-жылдын 14-октябры 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоого арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү болуп саналат.Мыйзамдарга ылайык шайлоону маалыматтык камсыздоо шайлоочуларга маалымдоону, шайлоо алдындагы үгүттү камтыйт жана жарандардын аң-сезимдүү түрдө жана ээн-эркин эрк билдирүүсүн, ошондой эле шайлоонун ачыктыгын камсыздоого багытталган. Эфир убактысы же басма аянты үчүн төлөмдүн өлчөмү бардык саясий партиялар жана талапкерлер үчүн бирдей болушу жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 айдын ичинде белгиленген нарктан ашпашы керек.Ушуга байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар белгиленген мөөнөттө – 2026-жылдын 14-октябрына чейин – автоматташтырылган  маалыматтык тутум аркылуу төмөнкү документтерди бериши керек:- жетекчинин аты-жөнү, жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылманын координаттары жана байланыш маалыматтары көрсөтүлгөн шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даяр экендиги жөнүндө арызды;- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде жалпыга маалымдоо каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;- интернет-басылмалар үчүн юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн же болбосо салык органдарында жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн (патенттин) көчүрмөсүн (интернет-басылмалар үчүн);- маалымат же маалыматтык коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген ишмердикти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү документтердин көчүрмөсүн;- уставдын көчүрмөсүн (эгерде бар болсо);- эфир убактысын, басма аянтын же жарыялоолорду интернет-басылмада жайгаштыруу укугун бергени үчүн төлөмдүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтарды.Жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана интернет-басылмалардан жогоруда көрсөтүлгөн документтер кагаз түрүндө, ошондой эле КР БШКнын маалыматтык камсыздоо секторунун pr.shailoo@gmail.com электрондук почтасы аркылуу кабыл алынбайт.          Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынын башкы бетинде жайгашкан   “ЖМКны аккредитациялоо” бөлүмүнө кирип, арыздарыңыздарды калтырсаңыздар болот. Сурап-билүү үчүн телефон: 66 54 52
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!Урматтуу шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана шайлоо процессинин катышуучулары!Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 48-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык:Президентти кезектеги шайлоо Президенттин шайланган ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-сентябрындагы № 715-VIII токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоо 2027-жылдын 27-январына (шаршемби) дайындалды.Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!Жалпы шайлоо укугунун принциптерине ылайык, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого  жана добуш берүүгө катышууга укуктуу.Шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктары тышкы иштер маселелерин тескеген мамлекеттик орган тарабынан өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу камсыз кылынат. Шайлоо күнү активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет.Эгерде Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, ошондой эле биометрикалык каттоодон өтпөсөңүз, Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) биометрикалык каттоодон өтүп, паспорттук маалыматтарыңызды жаңыртсаңыз болот.Добуш берүү күнүнө 80 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 8-ноябрына чейин, www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталында шайлоочулардын алдын ала тизмеси жайгаштырылат, анда Сиз өзүңүз жөнүндө маалыматтарды тактай аласыз.Ошондой эле шайлоочулардын алдын ала тизмеси тиешелүү шайлоо участкаларында 2026-жылдын 18-ноябрына чейин илинет.Кандайдыр бир ката же так эместик табылган учурда, Сиз 2026-жылдын 18-ноябрынан 2027-жылдын 12-январына чейин мыйзамдарда белгиленген тартипте авторизациядан өтүү менен www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталындагы «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу электрондук форматта арыз берүүгө укуктуусуз.Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялардын өкүлдөрү!Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны Президент болуп шайлана алат. Шайлоочулардын 30 миңден кем эмес колун топтогон жана өз шайлоо фондунун каражатынан Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эсе өлчөмүндө шайлоо төгүмүн төккөн адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат.Президенттин кызмат ордуна талапкер мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык «Ортодон жогору» деңгээл катары мүнөздөлүүчү, карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат менен ырасталат. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет.Конституциялык Мыйзамга ылайык, Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 75 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-ноябрына чейин аяктайт.Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү укугу жарандарга өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен, ошондой эле шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө карата белгиленген тартипте катталган саясий партияларга таандык.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди саясий партия тарабынан көрсөтүү анын уставында каралган тартипте жана конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.Талапкерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечиминин протоколу Президенттин кызмат ордуна талапкерлигин коюуга макулдугу жөнүндө арыз тиркелүү менен талапкер тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына машинада окулуучу түрдө берилет.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арызды Борбордук шайлоо комиссиясына берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.Талапкерлигин коюуга каалоосун билдирген жаран же Президенттин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн саясий партия документтерди бергенге чейин шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн өзүнүн шайлоо фондун түзөт. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу багытка ээ. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынууга тийиш, мында берилген колдордун саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашпоого тийиш. Президенттикке талапкерлерди колдогон колдорду чогултуу талапкерлер көрсөтүлгөн күндөн тартып жүргүзүлөт жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат. Конституциялык Мыйзамга ылайык, кол чогултуунун тартиби жана кол коюу барагынын таризи Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу электрондук форматта жүзөгө ашырылат. Тутум шайлоочуну авторизациялоо жана ал тарабынан тандалган талапкерди колдоосун билдирүү жолу менен «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун электрондук түрдө чогултууну камсыз кылат, ошондой эле талапкерлерге жана Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына чогултулган колдор жөнүндө маалыматтарды көрүү жана кол коюу барактарын түзүү мүмкүнчүлүгүн берет.Президенттикке талапкерди колдогон колдорду чогултуу боюнча кол коюу барактары ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан шайлоо күнүнө 50 календардык күн калгандан кечиктирбестен, башкача айтканда, 2026-жылдын 8-декабрына чейин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылат. Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо кызматтарынын кызматкерлерин тартуу менен 10 күндүк мөөнөттө колдордун аныктыгын текшерет. Кол коюу барактарын кабыл алууда Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир кол коюу барагын мөөр менен күбөлөндүрөт жана кол коюу барактары кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастама берет.Каттоо үчүн Президенттин кызмат ордуна талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо күнүнө 45 календардык күн калгандан кечиктирбестен, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-декабрына чейин, Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясий партиядан талапкерлигин коюуга макулдугу жөнүндө жарандын арызы (саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкер берет);2. Өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуу ниетин билдирген жарандын арызы;3. Эсептик көрсөткүчтүн он миң эсе өлчөмүндө шайлоо төгүмүн (талапкердин шайлоо фондунан) төккөндүгүн ырастоочу банктык документтин түп нускасы;4.  Саясий партиянын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколу (саясий партия көрсөткөн талапкер тарабынан берилет);5. Саясий партиянын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (саясий партия көрсөткөн талапкер тарабынан берилет);6. Саясий партиянын уставынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (саясий партия көрсөткөн талапкер тарабынан берилет);7.   Улуттук паспорттун типтеринин биринин көчүрмөсү;8.    Жеке маалыматтарды чогултууга жана иштеп чыгууга макулдук;9.  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер жөнүндө маалыматтар;10. Башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө декларация; 11. Диний ишмерлер үчүн чектөөлөрдү сактоо жөнүндө декларация; 12.  Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет мамлекетте соттуулугу, реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган кылмыш иши бар же жок экендиги жөнүндө декларация;13.  Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилген мамлекеттик тилди билүү деңгээли “Ортодон жогору” деңгээлинен төмөн эмес экендиги тууралуу сертификат;14.  Талапкердин иштеген жеринен маалымкат. Анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуу же токтото туруу жөнүндө тиешелүү буйруктардын (тескемелердин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып берилет);15.  Мамлекеттик жана расмий тилдерде биографиялык маалыматтары камтылган талапкердин анкетасы; 16. Талапкердин мамлекеттик жана расмий тилдердеги шайлоо алдындагы программасы.Борбордук шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартибинин Конституциянын жана конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келишин текшерет жана талапкерди каттайт же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат.Мында, эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринде аны каттоого тоскоолдук кылган ылайык эместиктерди тапса, документтерди алгандан кийин 48 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерге табылган ылайык эместиктер жөнүндө билдирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер билдирүүнү алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 35 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 23-декабрына чейин аяктайт.Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон өткөндөн кийин 2 календардык күндүн ичинде Президенттин кызмат ордуна талапкерлерге катталган күнүн көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү күбөлүгүн берет.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна төмөнкү адамдар шайланууга укуксуз:1) соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган;2) аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;3) диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишин токтоткондон кийин 5 жыл ичинде.Конституциялык Мыйзамга ылайык талаптарды аткарбаган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон баш тарта алат.Каттоодон баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди бербөө;талапкерди колдоп берилген шайлоочулардын ишенимдүү колдорунун санынын жетишсиздиги;3) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;4) конституциялык Мыйзамда белгиленген учурларда талапкер өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү;5) шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документтин (түп нускасынын) жоктугу;6) конституциялык Мыйзамдын 21-1-беренесинде каралган административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу;7) эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же турган болсо.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоодо жарандарга жана саясий партияларга көмөк көрсөтүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы атайын семинарларды уюштурат:- Президенттин кызмат ордуна талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн шайлоого катышууга байланышкан маселелер боюнча -  Президенттин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнүн жана каттоонун жол-жоболору, шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежелери, шайлоо талаш-тартыштарын чечүү жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышууга байланышкан башка маселелер боюнча;- Президенттин кызмат ордуна талапкерлер же алардын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн - шайлоо фонддорун түзүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин сактоо маселелери боюнча.Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!Сиздер менен биргелешкен ишибиздин негизги принциптери мыйзамдуулук, ачыктык, коллегиалдуулук, айкындуулук, адилеттүүлүк, маалымдуулук жана калыстык болуп саналат. Биздин иш-аракеттерибизден калктын бүтүндөй шайлоо процессине болгон ишениминин деңгээли олуттуу даражада көз каранды болот. Мекенге болгон сүйүү, жарандык парзды жогорку деңгээлде сезүү жана коом алдындагы жоопкерчилик бизге мыйзамдуу, айкын жана ишенимдүү демократиялык шайлоо өткөрүүгө мүмкүндүк берет деп ишенебиз!Өз кезегинде Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт.Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет- басылмалардын өкүлдөрү!Конституциялык Мыйзамга ылайык, шайлоону маалыматтык камсыз кылуу жарандарды кабарландырууну жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнү өзүнө камтыйт, алардын максаты жарандардын аң-сезимдүү жана эркин эрк билдирүүсүн жана шайлоонун айкын өтүшүн камсыз кылуу болуп саналат. Үгүт процессине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитациядан өтүүгө тийиш.Санариптик сервистердин киргизилишине байланыштуу аккредитациядан өтүү жөнүндө арыздар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий порталында жайгаштырылган тиешелүү сервис аркылуу электрондук түрдө кабыл алынат.Эфир убактысын, басылма аянтты же интернет-басылмада жарыялоо укугун берүүнүн акысынын өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет-басылманын ээлик кылуучусу тарабынан аккредитация максатында шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш. Мында телеберүү же басылма аянт үчүн акынын өлчөмү бардык партиялар үчүн бирдей болууга жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашпоого тийиш.Жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет-басылмалар шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы алардын аккредитациясын чакыртып алууга укуктуу.Шайлоо алдындагы үгүт талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт, башкача айтканда, 2026-жылдын 23-декабрынан 2027-жылдын 26-январындагы саат 08:00гө чейин жүргүзүлөт.Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитациядан өтпөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери болбогон шартта шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышууга укуктуу.Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:шайлоо комиссияларынын жыйындарына катышууга;шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга; шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;шайлоого даярдык көрүү мезгилинде фото- жана видео тартууну, ал эми добуш берүү күнү – шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга тоскоолдук кылбастан, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан аныкталган жерден жүргүзүүгө;шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган, өзүнүн статусу, фамилиясы, аты жана атасынын аты, ошондой эле өзү өкүлү болгон уюмдун аталышы көрсөтүлгөн төш белгилерди тагынып жүрүүгө.Борбордук шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык кампанияга активдүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана эрежелери, шайлоого катышкан талапкерлер, шайлоо комиссияларынын иши жөнүндө бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр.www.shailoo.gov.kg – Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайты.www.tizme.gov.kg - шайлоочулардын тизмесинин порталы.
Кененирээк билүү >>
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026

«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жарлыгына кол койду (мындан ары – Жарлык).Жарлык шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана ачык-айкындыгын камсыз кылууга, жарандардын шайлоо укуктарын сактоого жана шайлоонун бардык катышуучулары үчүн тең шарттарды түзүүгө багытталган. Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүсүнө, ошондой эле административдик ресурстардын айрым шайлоо процессинин катышуучуларынын кызыкчылыгында пайдаланылышына жол бербөөгө өзгөчө көңүл бурулат.Тактап айтканда, билим берүү мекемелеринин мугалимдерин жана окуучуларын, жогорку окуу жайларынын окутуучуларын жана студенттерин, социалдык камсыздоо органдарынын кызматкерлерин, медициналык мекемелердин персоналын, калкка кызмат көрсөтүүчү башка мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин кандайдыр бир талапкерди колдоп шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартууга катуу тыюу салынат.Министрлер Кабинетине мыйзамсыз түрдө шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышкан, ошондой эле кызматтык же башка кызмат абалынан пайдаланып кандайдыр бир талапкердин пайдасына иш жүргүзгөн аткаруу бийлигинин органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызмат адамдарын, ведомстволук караштуулуктагы уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу, ал эми зарыл болгон учурда ээлеген кызматынан токтоосуз бошотуу тапшырмасы коюлган.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо мыйзамдарын бирдей колдонууну жана жарандарга түшүндүрүү иштерин камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүү сунушталат.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык байкоочулардын шайлоого катышуусун камсыз кылуу боюнча чаралар каралган. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Жогорку Кеңеште Борбордук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык баяндамасын жасады 24.09.2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Жогорку Кеңеште Борбордук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык баяндамасын жасады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 24-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында БШКнын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык баяндамасын жасады.КР Жогорку Кеңеши баяндаманы бир добуштан колдоду. Төмөндө баяндаманын толук тексти: “Урматтуу Төрага!Урматтуу депутаттар!Үстүбүздөгү жылдын май айында Борбордук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык баяндамасы Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн. Өткөн жыл өлкөнүн шайлоо системасы үчүн олуттуу өзгөрүүлөрдүн мезгили болду. Мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, парламенттик шайлоону уюштуруу тартиби жаңыланды, ал эми жаңы шайлоо технологиялары өлкө боюнча кеңири колдонула баштады.Ошондуктан бүгүн баяндаманын мазмунун толук кайталабастан, жылдын негизги жыйынтыктарына токтолуп кетейин.2025-жылдын негизги окуясы 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болду.Бул шайлоо принципиалдуу жаңы укуктук шарттарда өттү. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, аралаш шайлоо системасынан мажоритардык шайлоо системасына өтүү ишке ашырылды.30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлүп, алардын ар биринен үчтөн депутат шайланды.Ошол эле учурда бардык шайлоо иш-чараларынын мөөнөттөрү үчтөн бирине кыскартылып, иш жүзүндө шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө болгону эки ай берилди.Бул кыска мөөнөттө шайлоо процессин толугу менен кайра уюштуруу талап кылынды. Ченемдик базаны даярдоодон жана комиссияларды түзүүдөн тартып, шайлоо участокторун даярдоого жана техникалык жактан камсыздоого чейинки бардык иштер аткарылды.Шайлоого катышуу ниетин 589 жаран билдирди. Каттоонун жыйынтыгы боюнча жана кийин шайлоого катышуудан баш тарткандарды эске алуу менен, акыркы тизмеге 460 талапкер кирди. Алардын ичинен 187си же 41 пайызы – аялдар.Шайлоо процессинин уюштуруучуларын жана анын катышуучуларын окутуу боюнча да олуттуу иштер аткарылды. Округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын 26 миңден ашуун мүчөсү окутулду. Шайлоо кампаниясы башталгандан тартып талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн шайлоо фонддорун түзүү жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү маселелери боюнча семинарлар өткөрүлдү. Аларга 400дөн ашуун адам катышты.Өлкө боюнча ички иштер органдарынын, прокуратуранын жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн даттанууларды кароо жана шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына ыкчам чара көрүү маселелери боюнча атайын окутуу уюштурулду. Окутуудан 650дөн ашуун кызматкер өттү.Муну менен катар добуш берүү үчүн шайлоо участокторун даярдоо иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан 2619 шайлоо участогу түзүлдү: 2492си – республиканын аймагында, 100ү – чет өлкөлөрдө, 27си – аралыктан добуш берүү үчүн аэропорттордо, соода борборлорунда жана базарларда.Бул шайлоонун өзгөчөлүктөрүнүн бири - жаңы технологиялык чечимдердин кеңири колдонулушу болду.Өлкө боюнча реалдуу убакыт режиминде шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо ишке киргизилди.Идентификациядан өткөндөн кийин шайлоо бюллетени түздөн-түз участокто – ар бир шайлоочу үчүн өзүнчө басып чыгарылды. Ошентип, басып чыгарылган бюллетендердин саны идентификациядан өткөн жарандардын санына так дал келди. Бул мурдагыдай бюллетендерди миллиондогон нускада борборлоштуруп басып чыгаруу, аларды ташуу, сактоо жана пайдаланылбаган бюллетендерди андан ары жок кылуу практикасынан баш тартууга мүмкүндүк берди.Жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөр биринчи кезекте шайлоого катышууну жарандар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу үчүн колдонулду. Мындай чечимдердин бири аралыктан добуш берүү болду. Шайлоочулар өздөрү иш жүзүндө жүргөн жерден, башкача айтканда, өз шайлоо округунан тышкары добуш бере алышты.Аралыктан добуш берүүнү 190 миңден ашуун жаран – добуш бергендердин жалпы санынын 12 пайызы пайдаланды.Чет жактарда жүргөн жарандарыбыздын шайлоо укуктарын камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду. Чет өлкөлөрдө шайлоо участокторунун саны дээрлик эки эсеге – 59дан 100гө чейин көбөйдү. Алар 34 мамлекетте түзүлдү. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө 9 826 жаран добуш берген. 2025-жылы алардын саны 26 066га жетти.Ошентип, чет  өлкөдө добуш бергендердин саны эки жарым эседен ашык өстү. Ошондой эле биринчи жолу чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунан добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтар түздөн-түз борбордук серверге автоматтык түрдө бериле баштады.Майыптыгы бар шайлоочулар үчүн добуш берүүнүн жеткиликтүүлүгүнө дагы көңүл бурулду. Бул үчүн шайлоо бюллетендерине 2,5 миң трафарет жана 3 миң маалыматтык брошюра даярдалды. Шайлоо участокторунун 92 пайызы пандустар менен жабдылды.Мындан тышкары, ден соолугунун абалына байланыштуу же мыйзамда каралган башка себептерден улам шайлоо участогуна келе албаган жарандар үчүн жайдан тышкары добуш берүү уюштурулду. Бул мүмкүнчүлүктү 9 миңден ашуун шайлоочу пайдаланды.Шайлоонун жүрүшүндө шайлоочуларды маалымдоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлдү. Өлкө боюнча телекөрсөтүү, радио, жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактар, тышкы жарнама жана коомдук транспорт аркылуу шайлоону өткөрүүнүн жаңы эрежелери, аралыктан добуш берүүнүн тартиби жана “бир шайлоочу – бир добуш” принциби түшүндүрүлдү.Шайлоочулардын тизмелери жана талапкерлер тууралуу маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында, социалдык тармактарда жана “Тизме” менен “е-Талапкер” санариптик ресурстарында жайгаштырылып турду. Ачык-айкындуулук добуш берүү күнү да камсыздалды: шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалыматтар саат сайын жарыяланып, шайлоо участокторунда видеого тартуу жана онлайн алып көрсөтүү жүргүзүлдү.Урматтуу депутаттар! Эми түздөн-түз добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө айта кетейин. Шайлоочулардын акыркы тизмесине 4 миллион 294 миң 243 жаран киргизилди. Добуш берүүгө 1 миллион 584 миң 446 шайлоочу катышты.Шайлоочулардын жалпы катышуусу 36,9 пайызды түздү.Мыйзамдуулукту камсыздоо шайлоо кампаниясынын бардык этаптарында артыкчылыктуу багыттардын бири болду. Бузууларга карата ыкчам чара көрүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы атайын координациялык топтордун алкагында укук коргоо органдары менен биргелешип иш алып барды.Шайлоонун жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко 274 бузуу жөнүндө маалымат келип түштү. 76 факт боюнча административдик жоопкерчилик чаралары колдонулду. Айып пулдардын жалпы суммасы 731 миң сомду түздү.Шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө финансылык ачыктык толук камсыз кылынды. Мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө 757 миллион сом, анын ичинде Тышкы иштер министрлигине чет жактарда жарандардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн 58 миллион сом каралган. Иш жүзүндө 647,7 миллион сом сарпталды. Ошентип, 109 миллион сомдон ашык каражат үнөмдөлдү.Талапкерлердин шайлоо төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 147 миллион сомду түздү. Бул каражаттар республикалык бюджетке которулду. Талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине 1 миллиард 805,6 миллион сом келип түштү. Шайлоо фонддорунун каражаттарынын түшүшү жана сарпталышы жөнүндө маалымат реалдуу убакыт режиминде “е-Талапкер” маалымат ресурсунда көрсөтүлдү.Мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү кеңири эл аралык байкоонун алдында өттү. 58 өлкөдөн келген 788 эл аралык байкоочу аккредитацияланды. Эл аралык байкоочулардын миссиялары шайлоонун даярдалышын жана өткөрүлүшүн жогору баалашты. Аралыктан добуш берүүнү колдонуу, добуш берүү процессине заманбап технологияларды киргизүү жана добуштарды саноо, ошондой эле бардык шайлоочулар үчүн бирдей шарттарды түзүү жана гендердик теңчиликти камсыздоо боюнча чаралар өзгөчө белгиленди.Урматтуу депутаттар!Шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен катар жыл ичинде жаштардын шайлоо боюнча сабаттуулугун жана жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш улантылды. “Жаш жарандын мектеби” программасынын алкагында жаш шайлоочулар шайлоо процесси жана өздөрүнүн шайлоо укуктары жөнүндө практикалык билимдерди алышты. Эл аралык кызматташтык да улантылды. Июнь айында Чолпон-Ата шаарында 12 өлкөнүн шайлоо органдарынын жана 9 эл аралык уюмдун өкүлдөрүнүн башын кошкон Эл аралык Ысык-Көл электоралдык форуму өттү.2025-жылдагы шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө топтолгон тажрыйба мындан аркы иштердин негизин түздү.2026-жылы аралыктан добуш берүү жана шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча иш улантылды. Мүмкүн болгон мыйзам бузууларды ыкчам көзөмөлдөө жана каттоо максатында шайлоо участокторунда онлайн-трансляция тутуму жаңыланууда. Шайлоо жол-жоболорун автоматташтыруу да ырааттуу жүргүзүлүүдө. Талапкерлерди колдогон шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуу, эсепке алуу жана сактоо үчүн маалыматтык тутум иштелип чыгууда. Ошондой эле ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуу аркылуу талапкерлердин документтерин текшерүүнү автоматташтыруу иштери жүрүп жатат.Шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктары боюнча электрондук картаны киргизүү иштери жүрүп жатат. Топтолгон практикалык тажрыйба шайлоо мыйзамдарын жана аларды колдонуу практикасын өркүндөтүүдө да эске алынат.Урматтуу депутаттар!2025-жыл өлкөбүздүн шайлоо системасын өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болду. Өткөрүлгөн шайлоо жаңы шайлоо технологияларын натыйжалуу колдонууга болорун көрсөтүп, жарандардын добуш берүүгө катышуусуна кеңири шарт түздү.Биздин негизги милдетибиз – ар бир жарандын шайлоого жана шайланууга болгон конституциялык укуктарын тоскоолдуксуз ишке ашыруусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу. Бул милдет өзгөрүүсүз бойдон калат. Көңүл бурганыңыздарга рахмат!” 
Кененирээк билүү >>
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15.06.2026

«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди

«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
Кененирээк билүү >>
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү 10.10.2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору 08.10.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 11:00                                                                        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу ‎” токтом долбоору жөнүндөБаяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы                                                      2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом долбоору жөнүндө                                               Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом долбоору жөнүндөБаяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы            4. Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Жупуева А.С.- шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы        5. Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу токтом долбоору жөнүндө  Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу  
Кененирээк билүү >>
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды 07.10.2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү 07.10.2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты 05.10.2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
2 … 484