21.10.20 №259 Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону жана Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

2020-жылдын 25-сентябрына дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына 4 талапкер катталган,  катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыздарын келип түшкөн.

Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 14-октябрындагы № 18 буйругу менен Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Омуралиев Осмонбек өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2020-жылдын 4-ноябрына дайындалсын жана саат 9:00дон 12:00го чейин өткөрүлсүн.

2.Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 9-ноябрына дайындалсын жана саат 9:00дон 12:00го чейин өткөрүлсүн.

3. Өзгөн жана Нарын аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы   № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колду тазалоо) өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын  21-октябры

№ 259