Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.Абыловдон келип түшкөн документтерди карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.Абыловдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 1969-жылы туулган, убактылуу иштебеген Рыскулов Таалайбек Уметкулович катталсын.
2. Рыскулов Таалайбек Уметкуловичке Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.А. Абыловдун толук ыйгарымдуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 8-бөлүгүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.Абыловдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ярощук Сергей Михайловичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш. 2011-жылдын 8-сентябры
№ 239