№437 «Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө» нускаманы бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 24, 25-беренелеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө» нускама бекитилсин.
2. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук
комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү учурунда шайлоо
алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Н.Т. Ариповго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек шаары, 2017-жылдын 11- сентябры
№ 437