18.06.2021 № 505 2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын            25-майындагы № 286 токтому менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.

Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэринин кызмат ордуна 5 талапкер – Нурдинов Жоомарт Амадалиевич көпчүлүк коалициясынан, Абдумаликов Туголбай «Бир Бол» депутаттык фракциясынан, Тургунбаев Өмүрбек Жоробаевич, Орозалиева Айгуль Батырбековна, Данияр уулу Мансур «Эмгек» депутаттык фракциясынан сунушталып катталган.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн               жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен             Ноокат шаардык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып,                  Ж.А. Нурдинов – 11 добуш, Т. Абдумаликов – 0 добуш, О.Ж. Тургунбаев – 0 добуш, А. Б. Орозалиева – 0 добуш, М. Данияр уулу – 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Нурдинов Жоомарт Амадалиевич Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.

Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат мэрин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынып, арыз ээсине жооп кат түрүндө берилген.

2021-жылдын 11-июнундагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы



 тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо                           жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»                   Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 10, 18-беренелерине,               «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 11-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ноокат аймактык
шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын
11-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Нурдинов Жоомарт Амадалиевич Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.

2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ноокат шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн

 

 

ТӨРАГА                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                            

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 18-июну

505