«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан “Кочкор-Ата шаардык кеңешинде бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө” 2016-жылдын 18-мартында №2 чечим кабыл алынган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттыгына “Ата Мекен” саясий социалисттик партиясынан талапкер Канаев Заирбек Кочкоровичти шайланган депутат деп таануу боюнча 2012-жылдын 15-декабрындагы №152 токтомунун бөлүгү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын “Кочкор-Ата шаардык кеңешинде бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө” 2016-жылдын 18-мартындагы №2 чечими бекитилсин.
- “Ата Мекен” саясий социалисттик партиясынан талапкер Мадылова Ханикей Чүрөковна Кочкор-Ата шаардык кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы Кочкор-Ата шаардык кеңешинин шайланган депутаты деп Мадылова Ханикей Чүрөковнаны каттасын жана ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берсин.
- Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына жана Кочкор-Ата шаардык кеңешине жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А. Джолбуновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 25-марты
№ 62